<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Кудайдын уулдары, Яхвеге бергиле,
 Яхвеге даңк-кубатты бергиле.
 Яхвенин ысмынын даңкын бергиле,
 Ыйыктыктын сүрүндө Яхвеге таазим кылгыла.

[V2]
 Яхвенин үнү суулардын үстүндө.
 Даңктын Кудайы күркүрөдү,
 Яхве көп суулардын үстүндө.
 Яхвенин үнү кубаттуу,
 Яхвенин үнү сүрдүү.

[V3]
 Яхвенин үнү кедрлерди сындырып,
 Яхве Лубнандын кедрлерин талкалады.
 Аларды - Лубнанды музоодой,
 Сирионду жапайы букачардай секиртти.
 Яхвенин үнү от жалындарын жарды.

[V4]
 Яхвенин үнү чөлдү титиретти,
 Яхве Кадеш чөлүн титиретти.
 Яхвенин үнү маралдарды толготуп,
 Токойлорду жылаңачтады.

[V5]
 Анын ордосунда баары: «Даңк!» - дешет.
 Яхве топон суунун үстүндө отурду,
 Яхве түбөлүк Падыша болуп отурат.
 Яхве өз элине күч берет,
 Яхве өз элин тынчтык менен алкайт.</lyrics>
<title>Яхвенин үнү</title>
<aka>28-Забур</aka>
</song>